Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ өлкөлөрү бирдиктүү энергетикалык рынок түзөт

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 442 | 0

Евразия экономикалык биримдигине кирген Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Армения жана Белоруссия өлкөлөрү май айында бирдиктүү энергетикалык рынок (БЭР) түзүү боюнча келишимге кол коюшат.

Мындай чечим үстүбүздөгү жылдын 18-апрелиндеги энергетикалык тармактын жетекчилеринин жолугушуусунда кабыл алынган.

Бирдиктүү энергетикалык рынок түзүү ЕАЭБ өлкөлөрүнө электр энергиясын арзан сатып алууга шарт түзөт.

Өткөн жолугушууда аталган өлкөлөрдүн энергетика министрлери бир топ келишимдер тууралуу сөз кылышкан. «Ар тармакты камтыган принциптерди орнотуу ЕАЭБде бирдиктүү энергорынок түзүүгө жардам берет», — деп белгилейт Евразия экономикалык комиссиясы.

Copyright © 2017 Maral FM