Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы автобустар каттап баштайт

Коом | 24 Апр 2019 | 898 | 0

Бүгүн Бишкекке газ менен жүрүүчү 60 жаңы автобус алынып келинди. Аны борбордук «Ала-Тоо» аянтынан президент Сооронбай Жээнбеков да көрүп чыкты. Автобустар 300 миллион сомго сатылып алынган. Алар эми 29-апрель шаар күнүнө карата каттамга чыгат.

Бишкек шаарынын тургундары үчүн жакшы жаңылык. Көптөн күттүргөн газ менен жүрүүчү автобустар да келди. Жалпы алтымыш автобус Кытай өлкөсүнөн алынып келинип, «Ала-Тоо» аянтына токтотулду. Автобустарды президент Сооронбай Жээнбеков менен мэр Азиз Суракматов көрүп чыкты. Суракматовдун айтуусунда, өлкөнүн абасы булганбасын деп, атайын газ менен жүрө турган автобустарга буйрутма беришкен. Газдын баасы дизель майына караганда бир топ арзан болгондуктан, мамлекет үчүн каражат жагынан да пайда алып келе турганын белгиледи.

— Баарыбызга белгилүү болгондой эле, былтыр автобустарга тендер жарыялаганда, Кытайлык компания утуп алган. Сөз бергендей, газ менен иштеген, заманбап, чоң автобус алынып келинди. Алдыда автобустардын санын дагы көбөйтүү планыбызда бар. Дагы бир жаңылык: буюрса, акырындап электрондук билетке өтөбүз. Анын артыкчылыгы: биринчиден, убакыт үнөмдөлөт; экинчиден, айдоочуга тоскоолдук жаралбайт. Бул баарыбызга эле ыңгайлуу болуш керек деп ойлоп жатам. 

Бишкек мэриясына караштуу «Автотранспорт» ишканасынын директору Нурлан Койчубаковдун пикиринде, жаңы келген автобустарда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу дыкат каралган. Анткени, алынып келинген автобустарды чыгарган ишкана  сапат боюнча дүйнөдөгү компаниялардын сап башында турат.

— Бишкекте унаа көп болгондуктан, абанын булганышы да күн санап өсүп жатат. Күнүгө тыгын, эл маршруттук таксиге батпай кыйналат. Өзүңүздөр көрүп тургандай, жаңы жана чоң автобустар газ менен иштеп, аз да болсо шаарга жаман зат чыгарбайт. Негизи борбордун бардык каттамдарына автобус, троллейбустарды жүргүзүп койсо деле болот. Бирок, ошончо каражат керектелет. Жүргүнчүлөр батпай калып жаткандыктан, атайын чоң автобус алалы деген чечим чыгардык. Бул унааны чыгарган компания дүйнөдөгү эң сапаттуу ишканалардын катарын толуктайт. Андыктан, көпкө жана сапаттуу кызмат кылып берет деп ишенебиз.

Айдоочу Талантбек Камчыбеков буга чейин № 9 каттамдагы автобусту айдап иштечү. Көп жылдан берки тажрыйбасына таянып, жаңы автобус кеминде 10 жылга жакын кызмат кыларын айтат. Жаңы келген автобусту айдайм деп кубанычы койнуна батпаган Талантбек мырза, эски автобустарга караганда, кыйла сапаттуу жана жүргүнчүлөргө ылайыктуу экенин кошумчалады.

— Мына өзүңүз көрүп тургандай, бардыгы жаңы жана ыңгайлуу. Эски автобустун отургучтары желим болсо, мунуку андай эмес. Көлөмү бир топ эле чоң. Жылыткычы да жакшы иштейт экен. Кышында кардарлар үшүбөйт. Ичинин бары эле камера, ким эмне кылып жатканын, каяктан түшүп жатканын, бул жактан эле карап коебуз.

Жаңы автобустар Бишкек тургундарын сүйүнтө алдыбы? Калк маршруттук таксилерди жоюп, жалпы автобустук системага өтүүнү кандай кабыл алышат? Жогорудагы суроолор боюнча шаар тургундарына кайрылып көрдүк.

— Буга чейин деле канча автобус алып келдик деп көкүрөктөрүн койгулашты эле. Кана эми алар? Бат эле сынып жок болду го? Толтура сумманы айтышат, же ага сатып алынган унаалардын сапаты туура келбейт. Эми биягы коррупция да.

— Маршруттук кичи бустарды жоюп, автобустарга өткөнгө макулмун. Бир аз тартип керек болуп турат.

— Кытайлар бизге эски автобустарын сата беришет. Мурун деле ушундай кырдаал катталды эле го? Сырдап, актап койсо эле, жаңыдай көрүнүп калат. Аны арзан сатса, биздин чоңдор жанталашып барып алышат. Туура эмес да.

Жаңы келген автобустардын ар бири 72 миң доллардан сатылып алынды. Тактап айтканда, бир автобус 5 млн сомго бааланды.

Кошумчалай кетсек, учурда борбордо 150 автобус каттамга чыгат. Ал эми 125и оңдолууда. Бишкек шаарын толук камсыз кылыш үчүн жалпы 800дөй автобус керек.

Copyright © 2017 Maral FM