Биз менен байланышыңыз

Соттук отурумдан качып, эл аралык издөөдө жүргөн К. Назаров кармалды

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 489 | 0

 Эл аралык издөөгө алынган К. Назаров 23-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2016-жылы «Аксы алтын голд» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору К. Назаров мыйзамсыз баюу максатында, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп, расмий отчетторго жалган маалыматтарды киргизишкен. Ошондой эле, Сауксай алтын кени чыгуучу жерде 190 килограмм алтын бар деген жалган көрсөтмө беришип, алдоо жолу аркылуу 1 200 000 долларга товардык-материалдык баалулуктар үчүн лицензияны сатып, мамлекеттик бюджетке тиешелүү төлөмдү чегерген эмес.

Жогорудагы факты боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 1-бөлүмү (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу), 183-беренесинин 1-бөлүмү (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо), 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Андан сырткары, Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан батирди сатып алам деген шылтоо менен ээлеп алып, 2016-жылдын 15-июнунан 2017-жылдын октябрына чейин бекер колдонуп, ичиндеги эмеректерди жарактан чыгарып салган К. Назаровго карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранышкан арыз түшкөн.

Жабырлануучу 2 миллион 800 миң сомдук материалдык зыянга учураган. Жогорудагы факты боюнча Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 15-апрель күнү жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштерине шектүү катары К. Назаров кармалып, 2018-жылдын 17-апрель күнү бөгөт чарасын кароо учурунда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун залынан качып кеткен.

Учурда К. Назаров Бишкек шаардык Ички иштер бөлүмүнүн  убактылуу кармоочу жайына камалды.

К. Назаровдун ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM