Биз менен байланышыңыз

2018-жылы ИДП структурасында айыл чарба өндүрүмүнүн көлөмү 204 млрд сомду түздү

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 434 | 0

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП түзүмүндө айыл чарба өндүрүмүнүн көлөмү 204 млрд. сомду түзүп, өсүш 2,7 % болду. Ошондой эле, кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү 4,7 %ды түздү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешке Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, «Айыл чарбасын каржылоо — 6» программасынын алкагында дыйкандарга 5,6 млрд. сомго 11 336 насыя берилген.

Ошондой эле, финансы-кредиттик уюмдар аркылуу 14,8 млрд. сом жана Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду 16,1 млн. доллар айыл чарбасына кредит берген.  643 млн. сомго 338 айыл чарба техникасы лизингге алынган. Айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүүдө 1,4 млрд. сомго 408 долбоор ишке ашкан. Евразия экономикалык биримдигинин реестрине 38 ишкана кирип, Орусия этти жана эт кошулган азыктарды киргизүүгө чектөөсүн алган.

Премьер-министр кошумчалагандай, республика боюнча 634 га жаңы сугат жерлер өздөштүрүлгөн.

«1900 га сугат жердин суу менен камсыздоосу жогорулады. Айдоо аянттары – 1 млн. 214 миң гектарды түзүп, 7 миң гектарга кеңейди. Айыл чарбасындагы потенциалыбыз абдан зор, бирок учурдагы натыйжалар жетишсиз. Бүгүн республика боюнча 350 миңден ашык дыйкан чарба бар, ал болгону  ИДПнын 12 %ын гана камсыз кылат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал өзгөчө белгилегендей, Өкмөт агрардык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча мындан аркы комплекстүү чараларды ишке ашырууну улантат.

Copyright © 2017 Maral FM