Биз менен байланышыңыз

4-майда JIA Бизнес-ассоциациясынын жалпы жыйыны өтөт

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 455 | 0

4-майда саат 09:00дө JIA Бизнес-ассоциациясынын жалпы жыйыны өтөт.

Жалпы жыйын 2 жылда бир өтүп, анда ассоциациянын жетишкендиктери, жасалган иштери боюнча отчету каралып, жаңы Башкаруу Кеңешинин курамы бекитилет. Ошондой эле ассоциациянын алдыдагы стратегиялык максаттарына жетүү үчүн пландары каралып, ишкерлер арасында нетворкинг жолугушуу өтөт. Жыйында “мыкты” ишкерлерге атайын наам ыйгарылып, куттуктоо аземи болору да күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, JIA Бизнес-ассоциациясы 2006-жылы Кыргызстандын ар кыл облусундагы демилгелүү жана идеялуу ишкерлердин артынан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ассоциация Кыргызстандын ишкер коомчулугунун өз ара активдүү иштешине шарт түзгөн жана бардык күчүн жумшаган платформа болуп саналат. Ассоциация өлкөнүн ири облустарындагы кичи жана орто бизнестегилердин башын бириктирет жана 1000 ашык мүчөсү бар. JIA бүгүнкү күндө жалгыз Кыргызстан боюнча Эл аралык жумуш берүүчүлөр уюмунун мүчөсү болууга жетишти.

Copyright © 2017 Maral FM