Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 489 | 0

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды.

Октябрь райондук соттун А.А. аттуу судьясына карата сотко чейинки тергөө башталган.

Маалыматка ылайык, судья 2018-жылдын аралыгында административдик иштерди кароодо бир катар мыйзамсыз иштерге барган. Сот караган иштин беренесинде мас абалында унаа айдаган жаранды административдик жоопкерчиликке тартуу белгиленген.

Судьянын ишине байланыштуу чогултулган материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Бул ишти тергөө улуттук коопсуздук комитетине жүктөлгөнү кабарланууда.

Copyright © 2017 Maral FM