Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: Айып кагазды алуудан баш тартса эмне болот?

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Апр 2019 | 708 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында көзөмөл камералары тартып алган эреже бузуулар боюнча айып кагазды алуудан баш тарткан жаран атайын албай койгону тастыктап, почта кызматкерине кол коюп берет. Бирок, айып пулдун мөөнөтү эсепетелип баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Айып пул айдоочу айып кагазын колуна алган күндөн тарта эсептелинет. Эреже бузган айдоочу Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан айып пулдун өлчөмүн көрүп, төлөп койсо болот. Кийинчерээк айып кагазы келсе, экинчи жолу айып төлөбөйт. Ал эми эреже бузган жөө жүргүнчүлөр камера тарабынан аныкталбайт. Аны биздин кызматкерлер көзөмөлдөйт. Учурда профилактикалык иштер менен чектелип жатабыз. Жөө жүргүнчүлөргө минималдык болсо да  айып пул салууга болбойт», — дейт Саркулов.

Анын айтымында, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ар бир айыптан «ВЕГА» компаниясына 214 сом төлөнөт. Алган каражаттар мамлекеттик бюджетке түшөт.

Саркулов мындан сырткары, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер айдоочуларды эмне үчүн токтотконун так жана түшүнүктүү кылып айтып бериши керек экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM