Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Элдин сунушу менен айыппулдун өлчөмүн азайттык

Күн чекит | 17 Янв 2020 | 31420 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Бузуулар жана Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы бүгүн билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 11-декабрында кабыл алынган. Өзгөрүүлөр Бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерин жакшыртуу, жарандардын жоопкерчилигин ажыратып бөлүү бөлүгүндө, акыйкат жана гуманизм принциптерине таянып, бузуулардын айрым категориялары үчүн айыппулдардын өлчөмдөрүн өзүнчө белгилөө максатында кабыл алынды. Тагыраагы, кайсы мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди? Айыппулдардын көлөмү канчалык азайды? Биз бул боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов менен түз эфирден маек курдук.

Марал: Президент Сооронбай Жээнбеков айдоочулар үчүн айыппулдарды өзгөртүү мыйзамына кол койду. Мыйзам качан күчүнө кире баштайт?

-«Коопсуз шаар» долбоору киргенден баштап, коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып келет. Анда сунуштар да бар. Алсак, мындан мурдараак айдоочуларга карата көрсөтүлгөн айыппулдун өлчөмүн азайтуу, башка эреже бузууларга тескерисинче, айыппулдун суммасын көбөйтүү, дагы ар кандай маселелер айтылып келген. Ушундан улам премьер-министр тарабынан ИИМге атайын тапшырма берилип, айтылган көйгөйлөрдү карап чыгып, тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу каралган. Ушуларды эске алуу менен Бузуулар кодексине өзгөрүү, толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыканбыз. Аны Жогорку Кеңештин депутаттары үч окууда колдоп беришкен. Андан соң президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бүгүнтөн баштап( 17-январдан) мыйзам күчүнө кирди десек болот.

Марал: Жол кыймылынын кайсыл эреже бузууларына карата айыппулдун суммасы азайды? Бул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз!?

-Жол эрежесин бузуу боюнча төмөнкү эреже бузууларга карата айыппулдун суммасы азайтылды:

  • жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;
  • жол сызыктарынын талаптарын аткарбоо;
  • каршы тилкеге чыгуу (обгон жасоо);
  • жарык берүү каражаттарын, колдонуучу приборлордун иштетүүнүн эрежелерин бузуулар кирет. Жогоруда айткан эрежелерди бузгандарга мурун 3000 сом айыппул каралган болчу. Ал эми жаңы мыйзам менен алганда, 1000 сомго түшүп калды. Аны менен катар «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери биз көп мүчүлүштүктөрдү байкадык. Алсак, жасалма номер тагып алып, унаасын айдап жүргөндөр көп кездешти. Бул боюнча да атайын мыйзам иштеп чыгып, кайрадан күчөтүлгөн чара көрүү жагы каралып жатат. Маселен, мурда жасалма же жараксыз номер колдонуп жүргөндөргө он миң сом айып салынса, жаңы эреже боюнча жыйырма миң сомдон отуз миң сомго чейин айыппул салынат. Ал эми ошол жасалма номерди жасаган фактылар каттала турган болсо, отуз миңден алтымыш миңге чейин айып салынары каралып жатат.

Марал: Коопсуз шаар долбоору боюнча айыпка жыгылгандардын канча пайызы айыппул төлөдү? Алар дагы жаңы кирген мыйзам менен көрсөтүлгөн суммадан аз төлөп калышабы ошондо?

-Бизде эреже бузуулар боюнча токтом чыгарылган. Ошол боюнча айтсам, эреже бузгандардын 55%ы  айыппулду төлөдү. Калган 45 %ы төлөнө элек. Себеби төлөнбөгөн 45%дын  25 %ы почта тарабынан жеткирип бериле элек. Ал эми калган 20 %ы почтадан кагазды алса да, айыппулду ушул күнгө чейин төлөбөй келет . Жаңы мыйзамга ылайык, эгерде 3000 сомдук айып болсо, анда 1000 сом төлөйт. Эгерде туум жаралып, анын өлчөмү да 3000 сом болсо, ал да кыскартылып миң сом болот. Ошондо жалпысынан эки миң сом төлөп калат . Эгерде почта аркылуу кагазды алып, ушул убакытка чейин төлөбөй жүрсө, аларга эч кандай жеңилдиктер болбойт. Алар үчүн жаңы мыйзам иштебей калат.

Марал: Бүгүнкү күндө коопсуз шаар долбоорунун кайсыл стадиасы ишке ашып жатат? Дагы кандай айыппулдар кириши мүмкүн?

-Биринчи баскычтын алкагында Бишкекте жана Чүй облусунда 110 көзөмөл-апараттык- программалык комплекс иштеп жатат. Анын ичинен 90у стационардык. Ал эми жыйырмасы көчмө. «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабына Кыргызстандын 7 облусуна, кошумча Ош шаарына да байкоочу камераларды коюп, ишке ашыруу боюнча тиешелүү маалымат жана технологиялар комитети атайын сынак жарыялаган болчу. Учурда сынактын жеңүүчүсү тандалды. Учурда биз жеңүүчүлөр жана Транспорт жана жол министрлиги, ошондой эле өзүн-өзү башкаруу бийлиги менен жол инфраструктурасынын талаптарга жооп бере тургандай текшерүү жүрүп, жолдомолор берилди. Аталган долбоордун экинчи баскычы 2020-жылы толугу менен ишке ашышы керек. Азыр даярдыктар жүрүп жатат.

Марал: Дагы кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

-Мыйзам боюнча толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү ишке ашырууну баштадык. Мыйзам боюнча айтсак, өзгөртүүлөр коомго жараша, элдин талабына ылайык кирип турат. Бирок мыйзамдарга карата жакынкы арада биз тараптан сунуштар болбойт. Себеби буга чейин байкалган мүчүлүштүктөргө карата өзгөртүүлөрдү киргиздик.

Copyright © 2017 Maral FM