Биз менен байланышыңыз

Баңгизаттарды өткөрүп берүү менен алектенген жаран кармалды

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 389 | 0

20-апрелде баңги трафигине бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, баңгизаттарды даярдоо, сактоо, сатуу, өткөрүп берүү менен алектенген жаран кармалган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 килограммдан ашык гашиш табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү ) боюнча тергөө иштери башталды.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM