Биз менен байланышыңыз

Казакстандын президенттигине алгачкы талапкер белгилүү болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 665 | 0

Казакстанда өтө турган президенттик шайлоого алгачкылардан болуп Садыбек Тугел талапкерлик арызын тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Садыбек Тугел кечээ тийиштүү документтерин БШКга тапшырган.

Анын талапкерлиги «Улы Дала Қырандары» республикалык кыймылынын атынан сунушталууда.

64 жаштагы Садыбек Тугел Казакстандын улуттук ат оюндарынын вице-президенти жана «Улы Дала Қырандары» республикалык коомдук-социалдык маданий элдик кыймылынын тең төрагасы.

Copyright © 2017 Maral FM