Биз менен байланышыңыз

Митингчилер Текебаев менен Жапаровду бошотууну талап кылышууда [ФОТО]

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 647 | 0

Ушу тапта Жогорку соттун имаратынын жанында абактагы саясатчылар «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун тарапташтары акция өткөрүп жатышат. Алар эки саясатчыны абактан бошотууну соттон талап кылышууда.

«Ата-Мекен» саясий партиясы өзүнүн лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган митинг өткөрөрүн, ага расмий уруксат берилгени айтылган. Ал эми алар менен биргеликте Садыр Жапаровдун тарапташтары да чыгышары буга чейин маалым болгон.

Copyright © 2017 Maral FM