Биз менен байланышыңыз

«Туризмди өнүктүрүүнү кааласак, уран кенин иштетпөө зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Апр 2019 | 889 | 0

Туризмди өнүктүрүүнү кааласак, Ысык-Көлдүн айланасында уран кенин иштетпөө зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, адам өмүрү, жарандардын ден соолугу баа жеткис байлык. Мындан сырткары, уран кенин иштетүү биосфералык аймактын статусун бузуу болуп эсептелет. Жаратылышка кылдат мамиле жасоо зарыл.

«Мен уран иштетүүгө каршы пикиримди аягына чейин карманам. Кен Ысык-Көлдүн айланасындагы аймакта болуп жатат. Дүйнөлүк коомчулукка Ысык-Көлдө уран иштетилет экен деген сөз кетти. Туристтер ойлонуп келет. Кен калдыктары калган жерлер оор абалда. Биз 50 жылдан бери мурдагы кен калдыктарын жаба албай жатсак, жаңы калдыктын кереги барбы? Жогорку Кеңеште да өкмөттүк күн өткөрүп, бул маселени талкуулашыбыз керек» — дейт Карашев.

Ал белгилегендей, кен калдыктарынын зыяны элге бүгүн жетип жатат. Мындан улам нааразычылктар болуп жатат. Мамлекет Кызыл-Омпол кени боюнча лицензияны токтотуп койсо болот.

Copyright © 2017 Maral FM