Биз менен байланышыңыз

Тажыбай: Кыргызстан менен Украинанын деңгээли окшош

Күн чабыт | 23 Апр 2019 | 1586 | 0

Украианага жаңы президент шайланды. Владимир Зеленскийди коомчулук буга чейин актер, шоумен катары таанып келген. Дүйнөдө кандай кептер айтылып жатат. Зеленкийдин келиши менен аталган өлкө кандай өзгөрүүлөргө дуушар боло алат? Ички жана тышкы саясатта алдыда кандай кадамдар жасалышы мүмкүн? Бул боюнча саясат талдоочу Алмаз Тажыбай менен «Күн чабыт»прогамммасында маек курдук.

Марал:  — Зеленскийдин атаандашынан ат чабым алдыга озуп чыгышы эмнеге байланыштуу болду деген ойдосуз?

Алмаз Тажыбай: — Украина эли олигархтардан чарчады. Баарыбыз билгендей Петр Порошенко да бай адамдардын катарын толуктачу. Мындан улам, «Эгерде бай адамдар такка келсе, бир гана өзүн жана чөнтөгүн ойлоп, өкмөттүн акчасына кол салат», — деген да сөздөр жүрдү. Ошондуктан, украин эли «Олигарх эмес» жана «Мурдагы саясатчы эмес» ураандары менен чакырык жасап, добуш берди го деген ойдомун. Маселен Армения, Грузияда да системалык эмес элиталар келген. Азыр эл эски саясатчылардан, баягы эле тапталып калган системадан чарчап бүтүштү. Жаңы жүз, жаңы демди талап кылышууда. Ошон үчүн Владимир Зеленский алдыга озуп чыкты окшойт.

Марал: — Эми Зеленскийдин жеңиши Украинанын ички, тышкы саясатына кандай олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келет?

Алмаз Тажыбай: — Биринчиден, «Өлкөдөгү жемкорлукту токтотом жана мамлекеттеги олигархтарды тазалайм», — деп сөз берген. Бул сөздү айтканы менен мамлекеттин тышкы саясатында анчейин деле өзгөрүү болбойт. Себеби, коомчулуктун көңүлүн буруш үчүн деле жогорудагыдай сөздөрдү айтып коюшу мүмкүн. Батыш Европада да экинчи сыноо болот. Ал сыноодо «Украина алдыга жылабы, же жылбайбы?» — деген суроо пайда болот. Менимче, жылыш болот, арттка кетпейт. Себеби, Минск келишими боюнча, Франция, Германия, Орусия жана  Украина мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Бирок, чыгыш өлкөгө толук кандуу ыйгарым укук берилбээрин кошумчалады. Орустар менен согушту болтурбайбыз, Минск келишимин сактап калабыз деп жатат. 2018-жылы Украинаны НАТО кабыл алабыз деген, ошого дагы акырын жылып барабыз деген ойду да айткан. Жазылып калган башмыйзамдын негизинде гана иш алып барарын кошумчалаган. Андыктан, сырткы саясатта көп деле өзгөрүү болбойт. Ал эми ички саясатта экономиканы көтөрүүгө бир топ аракет жасап, коррупцияга каршы турса керек.

Марал: — Орто Азия өлкөлөрүнө таасири кандай болот?

Алмаз Тажыбай: — Өзгөчө таасирин тийгизип жатат. Мисалы, мурунку союз өлкөлөрүнөн Балтика 90-жылы өз алдынча кеткен. Эми Грузия да өз алдынча кетип, журналистти койду. Украинада актерду коюп жатат. Мындай карап көрсөк, дүйнө элинде да шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү президент болуп, көп өлкөнү ойлондуруп жатат.

Марал: — А Кыргызстангачы?

Алмаз Тажыбай: — Кыргызстанга түзмө-түз таасирин берет. Себеби, Украина менен Кыргызстандын деңгээли окшош. Алсак, саясатта эски адамдар, жемкорлор, өзүлөрүнүн байлыгын сакташ үчүн келгендер отурат. Экинчиден, 30 жылдын ичинде элдин жашоосун жакшырткан жаңы реформаны эч ким иштеп чыккан жок. Ошондуктан,, кийинки шайлоодо кыргыз эли саясий системадагы эмес, жаңы жүздү, жаш адамдарды шайлайт болушу керек деп ойлойм. Украинада таза шайлоо өттү, бири-бирине болгон ишеним күч. Президент тынч жолу менен эле ордун өткөрүп берип жатат. Ушул тарабынан Кыргызстан Украинадан үлгү алсак болот.

Марал: — Зеленскийдин бийликке келиши шоу бизнес менен куудулдарда да жашырылган чон потенциал бар экенине үмүт арттырып койдубу?

Алмаз Тажыбай: — Юмор, сатира тармагында эмгектенген адамдардын деңгээли күчтүү келет. Тапкычтыгы, маалыматы, ой жүгүртүүсү  жакшы болот. Мындай адамдардын саясатта орду жок деген таптакыр туура эмес. Керек болсо, анча-мынча саясатчыларга караганда, билими жана кырдаалдан чыгып кетүү жөндөмү жогору. Биз таң калбай эле коюшубуз керек. Себеби, дүйнө элинде да шоу бизнестин өкүлдөрү өлкөнү башкарып келген.

Copyright © 2017 Maral FM