Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Дени сак өлкө- биздин мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизи

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 784 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Оорукананын курулушу, аны заманбап жабдуулар менен камсыздоо Кытай Эл Республикасынын колдоосу менен ишке ашканын белгилеп, мамлекет башчысы жакын коңшу, ишенимдүү дос жана стратегиялык өнөктөш өлкөгө ыраазычылык билдирди.

«Дени сак өлкө, дени сак улут — биздин мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизи. Биздин милдет — калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн ооруканаларды заманбап жабдуу, адистерди даярдоо. Саламаттыкты сактоо системасында ырааттуу чечиле турган көп көйгөй, милдеттер турат», — деди Сооронбай Жээнбеков

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Оштун тургундарын куттуктап, клиника Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саламаттыкты сактоо жаатында ири долбоорлордун бири болгонун, бул кытай элинин кыргыз элине болгон урматынын жана бийик достугунун белгиси экенин айтты.

«Акыркы жылдарда  «Бир алкак — бир жол» демилгеси кыргыз-кытай кызматташтыгында жаңы барак ачты. Энергетика, жол инфраструктурасында жана саламаттыкты сактоо тармагында биргелешкен бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды», — деп белгиледи Ду Дэвэнь.

Мамлекет башчы клиниканын имаратын көрүп, жаңы жабдыктар менен таанышып чыкты.

Кошумчалай кетсек, 2016-жылдын октябрында Кытайдын гранты менен жаңы Ош шаардык клиникалык ооруканасын куруу жана медициналык жабдыктар менен тейлөө иши башталган. Имарат коридор менен байланышып турган 3 башка корпустан турат. Стационардык корпус бейтаптарды кабыл алуу жана шашылыш дарылоо үчүн 150 орунга ылайыкташкан. Административдик корпуста кызматтык, материалдык-техникалык, онлайн байланыш бөлмөлөрү, илимий-изилдөө блогу, 200 орундук лекция окуучу зал бар. Амбулатордук корпуста күнүнө 200-250гө чейинки бейтапты кабыл алууга болот. Анда терапиялык, хирургиялык, стоматологиялык, травматологиялык, отоларингологиялык, гинекологиялык, урологиялык бөлмөлөр жана реабилитация бөлүмү жайгашкан. Ошол эле жерде операциялык блок жана реанимация да бар.

Учурда имарат толугу менен ишке даяр.

Copyright © 2017 Maral FM