Биз менен байланышыңыз

Кытай Кыргызстанга жаңы элчи жиберди

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 768 | 0

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп Ду Дэвэнь айым дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаментинен бүгүн билдирди. 11-март күнү жаңы элчи министр Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуп, ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Тараптар кыргыз-кытай мамилелериндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, жакынкы келечектеги иш сапарлар тууралуу кеп кылышты.

Эске салсак, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы буга чейинки элчиси Сяо Цинхуанын иштөө мөөнөтү өткөн айда аяктаган.

Copyright © 2017 Maral FM