Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланканын борбор шаарында жаңы жарылуу катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 814 | 0

Шри-Ланканын борбор шаары Коломбодо чиркөөгө жакын жерде жаңы жарылуу катталды.  Бул тууралуу Рейтер агенттиги окуянын күбөлөрүнө таянып билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, кечээ жардыруу болгон чиркөөгө жакын жерде  жук ташуучу унаа жарылган.  Жарылуу унаада табылган бомбаны алууга аракет кылган учурда болгон.

Акыркы маалымат боюнча жарылуудан каза болгондордун саны 290го жеткен, ошол эле учурда каза болгондордун арасында онго жакын чет  өлкөлүк жарандар да болгон. Жабыркагандар 500дөн ашат.

Эске салсак, Пасха майрамын майрамдоодо  8 жардыруу болгон.

Шри-Ланканын полициясы  буга байланыштуу шектүү катары 24 адамды кармаган. Бирок кармалгандардын кайсы экстремистик топко таандык экени азырынча белзисиз.

Copyright © 2017 Maral FM