Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкадагы жардырууларга шектүү катары 24 адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 551 | 0

Шри-Ланканын полициясы 21-апрелде болгон жардырууларга шектүү катары 24 адамды кармады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдыды.

Шри-Ланканкадагы жардыруудан каза болгондордун саны өсүүдө. Акыркы маалымат боюнча, каза болгондор 290го жеткен, ошол эле учурда каза болгондордун арасында онго жакын чет өлкөлүк жаран да болгон. Жабыркагандар 500дөн ашат.

Шри-Ланканын полициясы  буга байланыштуу шектүү катары 24 адамды кармаган. Бирок кармалгандардын кайсы экстремисттик топко таандык экени азырынча айтыла элек.

Эске салсак, Пасха майрамын майрамдоодо  8 жардыруу болгон. Алгачкы 6 жардыруу беш жылдыздуу Shangri-La, Cinnamon Grand жана Kingsbury мейманканаларында жана Коломбодогу Котахен, Негомбо жана Баттикалоа чиркөөлөрүндө болгон. Андан кийин Шри-Ланканын батышында орун алган Дехивала шаарында жетинчи жардыруу болсо, сегизинчи жардыруу Дематагод турак жай комплексинде болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM