Биз менен байланышыңыз

Боронов радиатор заводун тез арада ишке киргизүүнү тапшырды

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 523 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек эркин экономикалык аймагындагы «Тан Дем» жоопкерчилиги чектелген коомунун биметаллдык алюминий радиаторлорду чыгаруучу заводунун курулушу менен таанышып, ишкананы тез арада ишке киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.  

Ишкананын директору ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен тааныштырып, курулуп жаткан ишкана 60 миң  чарчы метр аянтты ээлеп, анда куюучу, эритүүчү, механикалык жана боёочу цехтердин, ошондой эле административдик имараттын курулуштары аяктаганын жана техникалык ишке берүү жүргүзүлгөнүн маалымдады.

Биринчи баскычта кубаттуулугу 7 млн. даана линияны ишке киргизүү пландалууда. Заводдун долбоордук кубаттуулугу 22 млн. даана алюминий радиатору болсо, ал эми иш менен камсыз кылуу 400-500 адамды түзөт.

Кубатбек Боронов белгилегендей, бул долбоор биметаллдык алюминий радиаторлорду чыгаруу боюнча өлкөдө алгачкы болуп саналат, ал келечекте жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рыногун өндүрүм менен камсыздай алат.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM