Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу жабылат

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 575 | 0

Эртең Бишкек-Нарын-Торугарт (эски жол) унаа жолу 103-117-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлгөнүнө жана поезддин жүрүүсүнүн коопсуздугун камсыздоого байланыштуу убактылуу жабылат.

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 8ден 22:00гө чейин жолдун 103-117-чакырымында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Жол кыймылын ИИМдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлгө алат.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы унаалар айланма жол аркылуу өтүүгө болорун, мындай көрүнүштү түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM