Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайында таш кулатылып, унаа кыймылы чектелди

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 455 | 0

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга аталган ишкананын таштарды атайылап кулатуу иштерин жүргүзүп жатканы себеп болууда.

«Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 27-майынан 31-майына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт  жолунун Боом капчыгайындагы 131-132-чакырымында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жараткандыктан, беш күн аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин жолду маал-маалы менен жаап турат.

Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса, таш кулатуу токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таш кулатуу күндүз жүргүзүлөт.

Мекеме жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM