Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайында таш кулатылып, жол убактылуу тосулат

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 429 | 0

30-сентябрдан 4-октябрга чейин Боом капчыгайындагы жол каттамына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын маалымат  кызматынан кабарлашты.

Аталган күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. 4-октябрга чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

«Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш кулатуу иштери убактылуу токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM