Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайы жабылат

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 1025 | 0

5-апрелден 12-апрелге чейин Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мезгил аралыгында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун аталган капчыгайдагы бөлүгүндө таш кулоо коркунучу бар жерлердеги таштар кулатылып түшүрүлөт.

Капчыгайдагы жолду 5-12-апрель аралыгында эртең мененки саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маал-маалы менен тосуп, транспорт каттамдарын көзөмөлгө алат.

«Токтотулган унаалар 30-40тан ашканда таш кулатуу токтотулуп, транспорттор өткөрүлөт. Мындай жумуш күндүз жүргүзүлөт», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM