Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайында унаа каттамына чектөө киргизилет

Кыска кабар | 27 Окт 2019 | 522 | 0

28-ноябрдан тарта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 9дан 15:00го чейин Боом капчыгайында атайылап таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Иш чара 28-октябрдан 1-ноябрга чейин уланат.

30-40 даана унаа чогулуп калган маалда иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турарын “Кыргыз темир жолу” ишканасы кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM