Биз менен байланышыңыз

ЖТК: Аскерлерди алып келе жаткан аскердик унаага маршруттук такси урунду

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 495 | 0

Жаш уландарды аскерге алып келе жаткан аскердик унаа жол кырсыгына учурап, бир кызматкер жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынан билдиришти.

Окуя бүгүн Боом капчыгайында катталган. Аскердик коштоочу унаа менен жаш аскерлерди алып келе жаткан унаага маршруттук кичи автобус келип урунган. Кырсыкта бир кызматкер жаракат алып, Кемин райондук ооруканасына жаткырылган.

Алдын ала маалымат боюнча, кичи автобустун тормозу иштебей калганы кырсыкка себеп болгон. Окуя боюнча Аскер прокуратурасына маалымдалган, жеринде Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM