Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайындагы тамактануучу жайлар текшерилүүдө

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 465 | 0

Боом капчыгайындагы тамактануучу жайлардын абалы текшерилүүдө. Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилге карата Боом капчыгайындагы тамактануучу жайлардын ишмердүүлүгү, санитардык абалы, тейлөө шарттары текшерилүүдө. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Текшерүү жайкы эс алуу мезгилинде ички жана сырттан келген меймандарды сапаттуу тейлөө, кемчиликтерди жоюу максатында өтүүдө.

Анын алкагында «Кербен-Сарай», «Жибек-Жолу», «Ак-Жол» сыяктуу тамактануу үчүн тыныгуу жайлар салык, даараткана, жаан-чачында кыян жүрүү маселесин көтөрүлүүдө.

Эске сала кетсек, Боом капчыгайында 10 тамактануу жайы болсо, алардын жетөөсү иштейт. Жеке ишкерлер жылына 2 млн. 800 миң сом салык төлөшөт.

Көзөмөлгө Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Тоң районунун акими жана Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы барып, ишкерлердин көйгөйлөрүнөн кабар алышты.

Copyright © 2017 Maral FM