Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланка: Жардырууларда набыт болгондор 290го жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 493 | 0

Шри-Ланка өлкөсүндө болгон жардыруудан каза болгондордун саны 290го жетти. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга таянуу менен эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Удаасы менен болгон жардырууларда жаракат алгандардын саны 500дөн ашкан.

Кечээ жекшембиде аталган өлкөнүн бир катар чиркөөлөрүндө пасхалык жөрөлгөлөр өткөрүлүп жаткан учурда жардыруулар катталган.

Полиция жардырууга шектүү катары 13 кишини камакка алганы кабарланууда.

Copyright © 2017 Maral FM