Биз менен байланышыңыз

Жороев: Бишкектин тыкыр планы май айында кабыл алынышы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Апр 2019 | 649 | 0

Бишкектин борбордук бөлүгүн тыкыр пландоо долбоору 3,5 миң гектар жерди камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык башкы архитектурасынын башчысынын орун басары Марат Жороев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, объектинин көркү шаардын башкы планында эмес, тыкыр планында каралат.

«Тыкыр план калктын талкуусуна коюлуп, шаардык кеңешке берилди. Бул план башкы планды ишке ашырууга чоң кадам болуп эсептелет. Башкы планда кайсы жерде кандай курулуш бар экенин көрсөтүп берет. Ошого жараша керектүү жабдуулар эсептелип, чыгарылат. Имараттар калаа тургундарына ар кандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок шаардын көркүнө терс таасирин тийгизбеши үчүн ар бир имаратты талкуулап чыгабыз. Ошол эле учурда, имараттар калмактардын баш кийиминдей болуп жабылып жатат деп курулушту бузуп сала албайбыз», — дейт Жороев.

Маалыматка ылайык, Бишкектин башкы планы 2006-жылы бекиген. Аны ишке ашыруу үчүн тыкыр план иштеп чыгуу зарыл болчу. Бирок, каражаттын тартыштыгынан улам 10 жыл кечигип башталган. Калаанын тыкыр планы эми май айында бекитилиши мүмкүн.

Ал эми 2025-жылга чейин Бишкек 25 миң гектарга кеңейип, өзүнө кошуна аймактарды кошо камтышы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM