Биз менен байланышыңыз

Жороев: Бишкек эски турак-жайларды жаңырта албайт

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2019 | 909 | 0

Бүгүнкү күндө 1950-жылдары массалык түрдө турак жай куруу мезгилинде салынган үйлөрдүн эскилиги жеткен. Андыктан жаңыланууга муктаж. Бирок шаар бийлиги турак-жайларды жаңыртуу боюнча реновация программасына бара албайт. Анткени мамлекеттик деңгээлде мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Бул тууралуу Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Жороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым аймактарда жеке менчик капиталдын негизинде эски үйлөр бузулуп, ордуна көп кабаттуу турак-жайларды куруу иштери жүрүп жатат. Бирок массалык түрдө эмес.

«Реновация программасын баштоо ниетибиз бар. Үйлөрдү инвентаризация кылуу боюнча процесс эми башталат. Алтын чарчы деп айтылып жүргөн жерлер башкы план боюнча өзгөчө аймак болуп эсептелет. Мындан улам ал жерде курулган имараттар сакталат. Ал эми муниципиалдык жерди ижарага айлуу үчүн жарандар биздин башкармалыкка кайрылышы керек», — дейт Жороев.

Ал буга кошумча, калаадагы кара түтүнгө көп кабаттуу үйлөр дагы кайсы бир деңгээле таасир берерин, анткени шамалды тосуп каларын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM