Биз менен байланышыңыз

Бишкектин деталдык планын кабыл алуу 2019-жылга пландалууда

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2019 | 677 | 0

Шаардын борбордук бөлүгү боюнча деталдык план иштелип бүттү. Эми коомдук талкууга коюлат. Планды кабыл алуу 2019-жылга пландаштырылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Жороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, деталдык пландоо долбоору калаанын башкы планына шайкеш келтирилип, аткарылып жатат.

«Деталдык планда эч кандай сыр жок. Долбоор боюнча бир нече жолу талкуулар өтүп ага бейөкмөт уюмдар да катышты. Кызыктар адамдар келип, долбоордун авторлоруна түйшөлткөн суроолорун берип жатат. Талкууга шаардык кеңештин депутаттары да катышууда. Көрсөтүлбөй калган айрым маселелер, шаардын кээ бир аймактарындагы курулуштун регламентин толук көрсөтүү, калкты социалдык объектилер менен камсыз кылуу боюнча сунуштарды эске алуунун жана толуктоолорду киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз», — дейт Жороев.

Маалым болгондой, шаардын борбордук бөлүгүн деталдык пландоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Мамлекеттик долбоорлоо институту 2015-жылдан бери иштеп жатат. Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы аталган мекеме менен тыгыш иштешүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM