Биз менен байланышыңыз

Жороев: Ош базары көчүрүлбөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2019 | 1011 | 0

Жер табылган күндө да базарларды шаардын сыртына чыгаруу татаал маселе. Ошондуктан Ош базары азырынча көчүрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Жороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, калаанын башкы планына ылайык калаанын сыртына чоң базарларды куруу каралган.

«Бирок Ош базары так ушул жерге көчөт деген долбоор жок. Базар азыркы жеринде калат. Ош базарында бир топ жеке менчик ээлери бар. Аларды күчкө салып көчүрүү кайсы бир деңгээлде мыйзамга туура келбей калат», — дейт Жороев.

Ал кошумчалагандай, жаңы конуштарда көп жарандар белгиленген чектен ашып, короосун кеңейтип курулуштарды курууда. Мындай мыйзам бузууларды Бишкек мэриясынын тийиштүү кызматкерлери көзөмөлдөп, айрым объектилер түрттүрүлүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM