Биз менен байланышыңыз

«Ош» базар жактагы китеп саткан адамды кубалап жатат»

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 660 | 0

Чүй проспекти менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги («Ош» базары жакта, Ленин райондук сотунун маңдайы) жайып китеп саткан адамды кубалап жатат. Бул маалыматты Кыргыз радиосунун баяндамачысы Элмира Ажыканова Фейсбук баракчасына бөлүштү.

Элмира Ажыканова: «Мэриянын «желдеттери» көчөдөгү китеп соодасына тыюу салып, Алыкулду, Айтматовду, Касымбековду, Мидинди, Байдылданы оңду-солду ыргытып, тополоңун чыгарып жатат. Көчөдө сатканга уруксаат эмес дейт. А мен айтаар элем – китептер тескерисинче көчөдө сатылышы керек. Китеп — арак, тамеки, сагыз, насыбай эмес тыюу салгыдай. Урматтуу, мэрия, китептерди көчөдө сатканга уруксат берилсин. Ушул маселе каралууга тийиш», — деген билдирүүсүн калтырган.

Ал эми бул боюнча кайрылганыбызда, Ленин райондук администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев: «Ал жерде бир гана китеп саткан орун эмес, ошол тегеректеги, дегеле Ленин районуна караган аймактын баарындагы мыйзамсыз орундуктарды алдыртып жатабыз. «Бир эле китеп саткан орунга тийишип жатыптыр», — деген таптакыр туура эмес. Буга чейин ал тегеректеги, «Ош» базардын айланасындагы көчөдө, тактап айтканда, уруксат берилбеген жайларда соода кылгандарга эскертүү берип келгенбиз. Биздин эскертүүбүздү кулак сыртынан кетире бергендиктен, күчкө салып чыгарууга аргасыз болуп жатабыз», — деген жообун берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM