Биз менен байланышыңыз

Ош базарындагы сатыкчылар: «Берекеттин» директоруна ишеним жок. Базар мэрияга өтсүн (видео)

Кыска кабар | 25 Сен 2019 | 918 | 0

Бүгүн Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акциясына чыгышкан Ош базарындагы «Берекет универсал» соода борборунун соодагерлери мэр менен жолугушту. Акциячылар базарга электр энергиясын берип, мэриянын карамагына өткөрүп алууну талап кылып жатышат. Алар соода жай мамлекеттин карамагына өтүп, андан түшкөн салыктар өлкө казынасына төгүлмөйүнчө, нааразычылык аракеттер токтобой турганын билдиришти.

Өз кезегинде шаар мэри базардагы аталган жер аянты ишкер Болот Бегалиев жетектеген «Берекет» жабык акционердик ишканасына таандык экенин, ошондуктан ишкерлер аны менен эки тараптуу келишим түзүшү керектигин айтты. Митингчилер Бегалиевге ишеним жоктугун айтышып, макул болбой коюшту.

«Жер тилке «Берекет» ЖАК ишканасына таандык. Жерди пайдаланууда сатыкчылар менен базардын жетекчилигинин ортосунда талаш маселе бар. Базардын администрациясы өз алдынча эле электр энергиясын өчүрүп салган. Биз электр энергиясын кайра берүүнү тапшырдык», — деди Азиз Суракматов.

Ал ошондой эле, соода орундары жайгашкан бөлүк «Берекет» ишканасынын менчигинде экенин кошумчалады.

«Ала-Арча дарыясынын четиндеги жерлер муниципалдык жер болуп саналат. Бирок ал жерлер 10 жыл мурда ошол эле ишканага ижарага берилген экен. Кандай жол менен берилгени учурда такталып жатат», — дейт мэр.

Соодагерлер буга чейин да нааразылык акциясын уюштуруп, базардын жабылышына жана анын ордуна соода борборун курууга каршылык билдиришкен. Ленин районунун акимчилиги буга чейин бул базар боюнча маселе эки ишкердин ортосундагы келишпестик экенин маалымдап, акимчилик ага кийлигише албай турганын билдирген.

Бишкектеги Ош базары былтыр үч-төрт жолу өрттөнгөн. Андан жабыркагандар «базарды көчүрүү максатында атайын жасашты» деген божомолдорун айтышкан. ИИМ ошол кезде Ош базарындагы өрткө байланыштуу бир нече версия каралып жатканын, анын ичинде атайылап өрттөө да бар экенин маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM