Биз менен байланышыңыз

Экзит-полл: Украинадагы шайлоодо Зеленский 72,7% менен алдыда

Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 1141 | 0

Украинадагы президенттик шайлоонун 2-туру  жыйынтыкталды. Экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, президенттикке талапкер Владимир Зеленский 72,7% менен алдыга чыккан.

Ал эми Украинанын учурдагы президенти Петр Порошенко 21% добуш алганы айтылууда. Экзит-поллду  украиналык  ТСН, Kantar TNS жана Info Sapiens уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн.

Анда шайлоо участкаларында добуш берген шайлоочулардан сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ар бир участоктон 600дөн респондент катышып, жалпы 20 миң адамдын пикири менен экзит-полл өз жыйынтыгын чыгарды.

Маалым болгондой, Украинадагы президенттик шайлоонун 1-турунда Зеленский 30,24 % добуш, ал эми Порошенко  15,95 % добуш алып, экинчи турга аттанган болчу.

Зеленскийдин жеңиши — Кремлдин жеңилиши

Copyright © 2017 Maral FM