Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкада сегизинчи жардыруу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 713 | 0

Шри-Ланкада сегизинчи жардыруу болгонун Франс Пресс маалымат агентиги жергиликтүү полицияга таянып жазганын РИА Новости агенттиги билдирди. News 1st телеканалынын маалымат  боюнча жардыруу Дематагод турак жай комплексинде болгон.

Буга чейин Шри-Ланканын батышында орун алган Дехивала шаарында жетинчи жардыруу болуп, андан эки адам көз жумганын жергиликтүү басылма Ada Derana жазган болчу.

Алгачкы 6 жардыруу беш жылдыздуу Shangri-La, Cinnamon Grand жана Kingsbury мейманканаларында жана Коломбодогу Котахен, Негомбо жана Баттикалоа чиркөөлөрүндө болгон.

Шри-Ланканын бийлиги 18.00дөн таңкы 06.00гө чейин коменданттык саат киргизди.

Ошондой эле өлкөдө  социалдык тармактар: WhatsApp, Viber жана Facebookту убактылуу колдонууга тыюу салды.

News 1st телеканалынын акыркы маалыматы боюнча, жардыруудан көз жумгандардын саны 185ке жетип, жаракат алгандлардын саны 500дөн ашты..

Жардыруу болгон жерди полиция курчоого алып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM