Connect with us

Дүйнөдө улгайгандардын саны жаш балдардан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 711 | 0

Дүйнө жүзүндө улгайган адамдардын саны биринчи жолу жаш балдардын санынан ашты. Мындай маалыматты Бириккен Улуттар уюмунунун маалыматына таянып, Tengrinews.kz сайты билдирди.

Уюмдун маалыматына ылайык, 2019-жылдын башында дүйнө жүзүндө 65тен ашкан 705 миллион адам бар экени такталган. Ошол эле учурда 5 жаштан төмөн 680 миллион бала жашайт.

Өнүккөн, башкача айтканда, пландап балалуу болгон өлкөлөрдө улгайгандардын саны балдардан көп экени байкалат. Өнүккөн өлкөлөрдө аялдар кеч төрөшөт жана пландалбаган бойго бүтүүдөн качышат.

Улгайгандар менен балдардын арасындагы эң чоң айырмачылык Жапонияда байкалат. Ал эми эң көп төрөт Африкада. Балдардын өлүмү эң көп катталганына карабай, Африкада орто эсеп менен бир аялга 7 бала туура келет. Ошол эле учурда БУУнун маалыматы боюнча акыркы жылдарда узак жашагандар көбөйүүдө. 10 жыл мурун орто жаш 52 жаш деп эсептелсе, бүгүнкү күндө 72 жаш деп эсептелүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM