Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын президентине «Азиядагы жылдын адамы» сыйлыгы тапшырылат

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 447 | 0

31-майда Ташкетте 20дан ашык өлкөнүн журналисттери катышкан Азия журналисттер ассоциациясынын медиа-форуму өтөт. Форумдун жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге  «Азиядагы жылдын адамы» сыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу «Наманганская правда» басылмасы маалымдады.

Эске салсак, 2018-жылдын декабрында Шавкат Мирзиёев Азия журналисттер ассоциациясы тарабынан «Азиядагы жылдын адамы» деп табылган.  Бул жеңиш ага Орто Азиядагы тынчтыкты орнотууга жана коңшулаш өлкөлөрдүн активдүү кызматташуусуна кошкон салымы үчүн берилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM