Биз менен байланышыңыз

«Уран кенине жакын жашагандардын саламаттыгы текшерилет»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Апр 2019 | 885 | 0

Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенине жакын жайгашкан жарандар медициналык кароодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда кендин аймагында кооптонууга негиз жок.

«Бүгүнкү абал жакшы. Элдин ден соолугуна зыян келчү жагдай жок. Балыкчыда бейтаптардын саны азаюуда. Эми кенде жүрүп жаткан иштердин адамдын ден соолугуна тийгизген таасирлерин көзөмөлдөйбүз. Кенге жакын аймактарда жашаган жарандарды медициналык кароодон өткөрүп, азыркы абалды тактайбыз. Эртеңки күнү жооп бергенде да, 2010-жылы элдин ден соолугунун абалы мындай болгон деп айта турган далилдерибиз болушу керек. Ар бир министрлик өз тармагында так иш алып барат», — дейт Чолпонбаев.

Ал буга кошумча, Бишкек шаарында да радиациалык фон бар экенин белгилеп, ал нормадан ашпаса, элдин ден соолугуна коркунуч жаратпай турганын айтып өттү.

Белгилей кетсек, 20-апрелде Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу ведомстволор аралык комиссия  кен менен жеринен таанышып келген.

Copyright © 2017 Maral FM