Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Омпол: Комиссия менен кенди иштетүүгө нааразы тарап кайым айтышты (видео)

Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 554 | 0

20-апрелде Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия кен менен жеринен таанышып жаткан кезде кенди иштетүүгө каршы болгон тараптар да келип, кайым айтышуу орун алды.

Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү нааразы болгон тургундардын суроолоруна жооп беришти. Мындан сырткары, аларды комиссиянын курамына кирип, чогуу иш алып барууга чакырышты.

Эми комиссиянын курамына кирген ар бир министрлик 10 күндүн ичинде план бекитип, анда көрсөтүлгөн багыттар боюнча иш алып барат.

Алсак, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги экологиялык, радиациялык коопсуздук боюнча иш алып барса, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гидрометеорология боюнча өзүнчө план түзөт.

Комиссия мүчөлөрү жыйынтыктарды тез арада чыгарууга аракет кылырын убадалады.

Copyright © 2017 Maral FM