Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Омполдо 450 гектар аймакта чалгындоо жүрдү

Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 901 | 0

«UrAsia in Kyrgyzstan» ЖЧКсынын башкы директору Светлана Менг Кызыл-Омпол кенинде чалгындоо иштери толук кандуу 2012-жылы башталганын айтып, ага чейин техникалык долбоорлоо иштери аткарылганын билдирди.

Менг бул геологиялык чалгындоо иштериндеги кадимки тажрыйба экенин белгиледи.

«Компания 450 гектарга жакын аймакта чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Ага керектүү каражат Орусия тараптан келип жатат. Биз бул жерде көп жылдан бери иштеп жатабыз деп айта албайм», — дейт Менг.

Ал буга кошумча, компания тийиштүү салыктарды жана социалдык пакеттерди төлөп келе жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, казып алынган радиактивдүү кум Кара-Балта тоо-кен комбинатына кайра иштелип чыгууга жөнөтүлөт. Гидрометаллургиялык процесстен кийин уран, торий, титаномагнетит, цирконий жана пятиокись фосфор элементтери пайда болот.

Бардык тазаланган материал бир жерге салынып, рекультивацияланат. Анын ордуна жайыттарды калыбына келтирүү үчүн топурак-ѳсүмдүк катмарын калыбына келтирилет жана кѳп жылдык чѳптѳр отургузулат.

Концентраттар Кыргыз Республикасынын кооптуу жүктү ташуу техникалык регламентине ылайык, радиоактивдүү коопсуздукту сактаган атайын контейнерлерде темир жол менен ташылат.

Айта кетсек, «UrAsia in Kyrgyzstan» ишканасына Кызыл-Омпол лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүүзүүгѳ лицензия берилген.

Copyright © 2017 Maral FM