Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүк комиссия Кызыл-Омпол уран кени менен жеринен таанышты

Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 956 | 0

Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, 20-апрелде кен менен жеринен таанышты.

Анда каралган маселелер өкмөттүк деңгээлде карала турганы айтылды.

Кенде жүрүп жаткан иштердин адамдын ден соолугуна, айлана-чөйрөнүн жана мал чарбачылыгынын абалына тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүү максатында түзүлгөн комиссия тийгизген таасирлер тууралуу калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылат.

Комиссия белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле анын ишине зарыл болгон маалыматты сурап алууга укуктуу.

Комиссиянын чечимине жараша кен иштеп, иштебеши аныкталары белгилүү болду.

Комиссиянын курамына министрлер, мекеме жетекчилери, Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, айыл өкмөт башчылары болуп 20га жакын киши кирген. Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов төрагалык кылат.

Мындан сырткары, өкмөттөр аралык комиссиянын курамына жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кошула алат.

Эми комиссиянын курамына кирген ар бир министрлик 10 күндүн ичинде план бекитип, анда көрсөтүлгөн багыттар боюнча иш алып барат. Алсак, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги экологиялык, радиациялык коопсуздук боюнча иш алып барса, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гидрометрология боюнча өзүнчө план түзөт.

Өкмөттөр аралык комиссиянын курамы 

Осмонбетов Эмил Кубатович Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Жунушев Жолдошбек Маликович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, ведомстволор аралык комиссиянын тең төрагасы;
Рустамов Абдыкалык Алибекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын тең төрагасы.

 

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Чолпонбаев Космосбек

Сариевич

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Абдиев Бактыбек Абышевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Жумаканов Калысбек

Туратбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Осмоналиев Акылбек Шарипович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Ибраев Карыбек Эмилжанович Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Артыкбаев Расул Саткынович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Рыспеков Арсен Арзыевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Исаков Төлөн Байдалиевич Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору;
Бекилов Абдишарип

Тажимаматович

Кыргыз Республикасынын Ɵзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы  Гидрометеорология агенттигинин директору;
Надыров Атай Нарынбекович

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери;
Арпачиев Данияр Карагулович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким;

 

Кыдыралиева Майрамкүл Асыпбековна Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Керимкулов Нурлан

Бейшенбекович

Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким;
Акишев Бурканбек

Карыбекович

Нарын облусунун Кочкор районунун Сегизбел айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Жээнбаев Нурбек

Жаныбекович

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Карабекова Жамиля Усенгазиевна Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун директору (макулдашуу боюнча).

 

Copyright © 2017 Maral FM