Биз менен байланышыңыз

Даниилди уурдагандарды тапкан милиция кызматкерлерине өкмөттүк сыйлык тапшырылды

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 482 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 12 жашар Даниил Браилкиндин уурдалышынын бетин ыкчам ачкан Ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле Даниилдин өзү жана анын атасы Виталий Браилкин катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр аталган өзгөчө оор кылмыштын бетин ачууда ыкчам жана ырааттуу иш алып барган милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

«Милиционердин иши – өмүргө жана ден-соолукка коопсуздук туудурган, коомдогу тартипти жана тынчтыкты сактоого багытталган татаал жумуш. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгегине объективдүү баа берүүнүн өзү – бул, жарандардын ишеним көрсөтүүсү. Мындай ишенимди баалап, аны күн сайын чыңдоо зарыл», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Жеңиш Разаков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан салам жолдоп, ишинен өзгөчөлөнгөн милиционерлерге өкмөт башчынын атайын саатын тапшырды.

Ошондой эле вице-премьер-министр 12 жашар Даниил Браилкинге эстеликке белек берип, ага чың ден-соолук жана окуудагы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Даниилдин атасы Виталий Браилкин милиция кызматкерлерине жана Өкмөткө, ошондой эле алардын үй-бүлөсүн колдоого алып, аталган кылмыштын бетин ачууда көмөк көрсөткөн жарандарга дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM