Биз менен байланышыңыз

21-апрелде Түштүк Кореянын президенти Казакстанга барат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 538 | 0

21-23-апрелде Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин Казакстанга алгачкы ирет иш сапар менен келерин Казакстандын Тышкы иштер министринин маалыматына таянып, CA-News маалымат порталы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түштүк Кореянын лидери менен эки тараптуу саясий, экономикалык, инвестициялык, маданий жана башка тармактар боюнча мамилелерди бекемдөө тууралуу сүйлөшмөкчү.

Ошондой эле, 24-апрелде Акордодо Казакстандын мамлекет башчысы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушат.

Эки тараптуу жолугушуунун программасында казак-венгер кызматташтыгынын эң негизги суроолору жана эл аралык маселелер каралмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM