Биз менен байланышыңыз

Аззамбек Жээнбай уулу: «Бизнесте улут да, жыныс да болбойт»

Пикирлер | 21 Апр 2019 | 1898 | 0

Марал радиосунун «Бизнес клуб» программасы — ийгиликке шыктандыруучу уктуруу. «Бизнес клуб» — жаратмандардын жакшы иштерин жар салат. «Бизнес клубда» биздин күндүн каармандары ийгилик сырларын бөлүшөт. Андыктан, «Бизнес клуб» программасы менен бирге болуңуздар. Программанын бул жолку коногу — JIA бизнес ассоциациясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу. 

Кириш сөз ордуна, же JIA бизнес ассоциациясы тууралуу учкай маалымат

JIA бизнес-ассоциациясы 2006-жылы Кыргызстандын ар кыл аймагындагы жигердүү жана идеялуу ишкерлердин демилгеси менен түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ассоциация Кыргызстандын ишкер  коомчулугунун өз ара активдүү иштешине шарт түзгөн жана бардык күчүн жумшаган платформа болуп саналат. Өлкөнүн ири облустарындагы кичи жана орто бизнестегилердин башын бириктирет жана 1000ден ашык мүчөсү бар.

Коногубуз Аззамбек Жээнбай уулунун маеги: 

Бизди өкмөттүн бир бутагы катары көргөндөр бар

JIAнын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө 120 ишкер катталган. Жаңыдан уюшулуп, аймакта анчейин кеңири түшүнүккө ээ болбогондуктан, бир аз кыйынчылыктар болуп жатат. Бизди өкмөттүн бир бутагы катары көргөндөр да бар.

Ишкерлерге аймактар аралык байланыштарды түзүп, дүйнөлүк, эл аралык деңгээлдеги тажрыйба алмашууларды уюштуруп, маалымат алып берип турганга аракет кылабыз. Ошол эле учурда ишкер өзү да буга кызыкдар болушу керек. Ушул максатта атайын «Кербен бизнес» уюштуруп, башка аймактардан, өлкөлөрдөн тажрыйба алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. «Кербен бизнес» JIAнын аймактарды өнүктүрүүгө багытталган бир тармагы деп айтсак болот. Бул 2018-жылы президенттин демилгесинин натыйжасында ишке ашты. Бизнес ушундай жакшы нерсе: анда улут, дин, раса, жыныс, саясат деген болбойт. Болгону, өндүргөн адам сатууну каалайт, ала турган адам арзан, сапаттуусун каалайт. Ошондуктан, биз аймактар жана өлкөлөр ортосундагы бизнести жакшыртууну негизги курал катары колдонсок болот.

 Жалал-Абадда айыл чарба соодасы жакшы өнүккөн

Облуста 1 миллион 300 миң калк бар. Демек, ишкерлик кылууга ыңгайлуу десек болот. Жалал-Абад потенциалы боюнча облус катары экинчи орунда, шаар катары үчүнчү орунда турат. Негизинен айыл чарба соодасы жакшы өнүккөн. Анан өндүрүш жана кайра иштетүү тармагы жакшы жолго коюлуп келатат.

Өзбекстан менен мамилебиз жакшыргандан баштап, айыл чарба тармагы алсыздай баштады. Айыл чарба жакшы өнүккөн райондордо дыйкандардын иши дээрлик токтоп калды. Бирок, ошол эле учурда экологиялык таза өндүрүмдөрдү чыгарып, сапат жагынан аларга атаандаштыкка чыксак болот.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ишкерлерге шарт түзүп берүү жагынан активдүү боло баштады. Бирок, аракет бар, жылыш азыраак.

Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаганы жакшы демилге болду. Анткени, кандай гана демилге болбосун, жогортон берилсе, тез, ыкчам ишке ашат. Бирок, менимче, аймактарды өнүктүрүүнү бир жылга эле такап койгонубуз туура эмес  экен. Ошондуктан, былтыркы 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганы менен бул жөн гана пландоого, багыттарды аныктоого кетип калды го дейм. Анткени, биз билгенден аймактарда бир да иш-чара болгон жок. Ошол түшүнүктү калыптандырууга эле убакыт өткөрүп койдук окшойт.

 Аймактык ишкер – «универсал»

Бизде аймактар менен борбордо бир топ эле айырмачылык бар. Мисалы, бизнеске байланыштуу бардык иш-чаралар Бишкекте өткөрүлөт да, аймактарда мындай түшүнүк жок. Экинчиден, борбордо бизнес жүргүзүүдө атаандаштык күч болгону менен, мүмкүнчүлүктөр да көп. Ошол эле учурда маалымат булактары жетиштүү. Кайсы бир кайрыла турган мамлекеттик, же жеке органдар тууралуу да толук кабардар. Кандай гана көйгөй чыкпасын, жооп издеп таап алат.

Ал эми, аймакта маалымат булактары жетишсиз. Мамлекет менен ишкердин ортосунда байланыш аз. Ишкер бүгүн эң муктаж болгон нерсе – маалымат. Мына ушуну бардык ишкер түшүнүшү керек.

Ишкер дегенде биз кимди билебиз? Биринчиден, жок дегенде өзү бир киреше булагын таап жанын багат. Андан сырткары, бир канча жаранга жумуш берет, ошол эле учурда мамлекетке да салык төлөйт.

Жалал-Абадда негизинен жеке ишкер көп. Бирок, чоң-чоң компаниялар саналуу гана. А борбордо чоң-чоң компаниялар көп, бир эле ишкердин кол астында бир нече жумушчу иштеши мүмкүн. Айырма ушул, аймактардагы ишкер бир эле учурда өзү ташуучу, өзү сатуучу, өзү эсепчи, өзү жетекчи. Ошол эле учурда башка ишкерлер менен да жолугушууларды өткөрөт. Эгерде аймактык бир ишкер башка жактагы, айталы Бишкектеги, же чет өлкөдөгү иш-чараларга катыша турган болсо, бизнеси токтоп калышы мүмкүн. Башка бирөөнө тапшырайын десе, башынан кайра үйрөтүп чыгыш керек. Мына ушундай бир эле адам бир канча жумушту аткаргандыктан, көп нерсеге жетише албайт.

Туризмди өнүктүрсөк жакшы болмок

Ички, тышкы туризм жагы колго алынбай келет. Жалал-Абадда не бир сонун жерлер бар. Тилекке каршы, шарт жоктугунан туристтерди тарта албай жатабыз. Чет өлкөлүктөрдү мындай коёлу, Кыргызстандын аймагын да толук көрө элек жарандар бар. Эмне үчүн барышпайт? Биринчиден, кызыкпайт. Кала берсе, өзүбүз жашап аткан аймак жөнүндө да толук кабар алуудан качып, күнүмдүк жашоо менен эле убара болуп калып жатабыз.

Экинчиден, бирдиктүү маалыматтык система жок. Дегеним, Кыргызстандын ар бир облусунда өзүн тааныткан сайт болсо. Айталы, чет өлкөлүк жаран сайтка киргенде, «Жалал-Абадда момундай мүмкүнчүлүктөр бар», — деп бадырайып жазылып турса, кызыгуусу артат да.

Облусубузда бул багытта иш алып барган бир да компания жок. Болгону Ошто бир эле компания кызмат көрсөтөт. Ошондуктан келген туристтер Бишкектин тегерегине, анан Ысык-Көлгө, ашып баратса Суусамырга чейин жетип, анан кайтып кетет.

Башкалардан да үлгү алганды үйрөнсөк  

Өткөн жылы ишкерлер менен Жапонияга бардык. Ошол жерден бир нерсени байкадым: өнүгүүгө даяр үлгүлөр бар экен. Ушундай өнүккөн, кайсы тармагын карабайлы, жаңылык өтө көп. Аларга салыштырмалуу бизде бизнес бош эле турат.

Ошондой эле, жогоруда айткан «Кербен бизнес» долбоорунун алкагында Америка, Орусия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерди да кыдырып, тажрыйба топтоп келип жатабыз. Идеяларды алыш үчүн ишкердик менен алектенген адамдар көбүрөөк сыртка чыгышы керек экен.

Албетте, бизнес жүргүзүүнү эч ким үйрөтпөйт. Азыр мен Жалал-Абадда эки жылдан бери иштеп атам, ишкерлердин деңгээли жакшы, бирок, кошумча консультацияларга муктаждык бар. Тилекке каршы бийликтин өкүлү консультация бере албайт. Бул менимче, кесипкөй адистин жетишсиздигинен болушу мүмкүн. Андыктан, андай милдетти биздин аткаруубузга туура келип калып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM