Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик социалдык тапшырык менен 1000 бала бакчага барат

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 504 | 0

Мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке чейинки даярдыктан өткөрүүнүн ар түрдүү формалары ишке киргизилүүдө. Учурда 3-7 жашка чейинки балдардын 40,9 %ы балдар бакчасына барат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин сапатын жогорулатуу максатында Бишкек шаарына пилоттук долбоор катары киргизилет. Программа аркылуу республикалык жана муниципалдык бюджеттин каражатынан 50% төлөм каралып, 1000 баланын жеке балдар бакчасына баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Калган 50 %ын ата-энелер төлөшөт.

Программаны ишке ашыруу Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн жана учурда аталган программага катышууга мүмкүндүгү бар жеке балдар бакчасын тандоо процедурасы ишке берилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM