Биз менен байланышыңыз

Балдарга жасалган зомбулуктун алдын алуу максатында адистер үйлөрдү кыдырууда

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 532 | 0

Баардык райондордо балдарга карата катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу, оор жашоо шартындагы балдарды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү максатында райондук штабдын мүчөлөрү кожолуктарды кыдырууда. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Райондук штабдардын мүчөлөрү кожолуктарды кыдырып, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук жасоого, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүүдө.

Район акимдери штабдын ишин жана балдарга жасалган катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча шашылыш чаралардын 2019-2020-жылдарга карата планын жүзөгө ашырууда жеке жоопкерчиликти алат.

Ички иштер министрлигине ишти координациялоо, балдарга орой мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү учурларын өзгөчө көзөмөлгө алып, ар бир факт боюнча тыкыр жана калыс тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилген.

Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жашоо шарты оор  балдардын автоматташтырылган маалымат базасын ишке киргизген.

Маалымат базасы жашоо шарты оор балдарды ыкчам аныктап жана аларды коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү шарттайт. Бала аныкталган учурдан тарта бардык маалымат бирдиктүү базага түшөт.

Copyright © 2017 Maral FM