Биз менен байланышыңыз

Мектептердин 99% интернетке кошулду

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 591 | 0

2019-жылдын аягына карата 2 118 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп же билим берүү мекемелеринин 99,0% интернетке кошулган. Ал эми 2018-жылы бул көрсөткүч 67,0% болгон. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аймактык саясат концепциясын ишке ашыруунун алкагында 91 мектепке инновациялык мектеп макамы берилген (ар бир райондо жана 20 чакан шаарда), анын ичинде 30 мектеп лабораториялык, мультимедиалык, кеңселик жана окуу жабдуулары, ошондой эле предметтик кабинеттер үчүн эмеректер менен жабдылган. Ал эми 61 мектеп заманбап электрондук мектепке айланды. Кошумча 540 мектеп интернетти колдонуу үчүн ноутбук, роутер жана проекторлор менен жабдылды.

Мектептер үчүн негизги предметтердин пакети аркылуу бүтүрүүчүгө талаптарды түзгөн Базалык окуу планын түзүүгө жаңыча мамиле кылуу иштелип чыкты. Бул өзгөрүүлөр чет тилдер боюнча сааттарды көбөйтүүгө, 5-класстан баштап «Информатика» сабагын киргизүүгө, мамлекеттик тилди окутуу ыкмасын өзгөртүүгө, табигый-илимий цикл сабактарын күчтөндүрүүгө тийиштүү.

Ошондой эле билим берүү тутумун санариптештирүүнүн алкагында:

— 1-4-класстын окуучуларына кошумча билим берүү үчүн iBilim платформасы;

— 5-9-класстын балдары үчүн Билим Булагы платформасы;

— Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы платформасында мугалимдердин айлык акысын автоматтык түрдө эсептөө үчүн «Ачык бюджет» программасы түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM