Биз менен байланышыңыз

Өкмөт фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча программасын бекитти

Кыска кабар | 30 Июл 2019 | 546 | 0

Өкмөт 2019-2023-жылдарга фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алкактык программасын бекитти. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Алкактык программанын негизги бөлүгү төрт негизги артыкчылыктарга багытталлган.

1. Өсүмдүктөрдүн карантининин потенциалын жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу;

2. Өлкөнүн өсүмдүк ресурстарын коргоо үчүн импортко карата тийиштүү фитосанитардык чаралардын колдонулушун камсыздоо;

3. Өсүмдүк өндүрүмдөрүн эл аралык соода-сатыкка чыгаруу үчүн экспортту ишенимдүү сертификаттоо системасын түзүүнү камсыз кылуу;

4. Көзөмөлгө алуу иш-аракеттери аркылуу азык-түлүк жана айлана-чөйрө үчүн коркунуч туудурган тобокелдиктерди кыскартууну камсыздоо.

Аталган артыкчылыктуу багыттардын ар бири алкактык программанын текстинде толук түрдө баяндалган негизги маселелерди чечүүгө багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM