Биз менен байланышыңыз

Президент: Ар бир райондун өнүгүү фонду түзүлөт

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 407 | 0

Аймактарда кесипкөй жаш адистердин аздыгы — негизи көйгөй. Ошондой эле медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги бар. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде айтты.

Президент жергиликтүү жетекчилерге аталган маселени тез арада чечүүнү тапшырып, жаш кадрларды демөөр боло турган турак жай жана жогорку эмгек акы менен камсыз кылуу керектигин белгиледи.

Ошондой  эле президент ар бир райондун өнүгүү фонду түзүлүп, ага бюджеттен акча бөлүнө турганын кошумчалады.

Райондук өнүгүү фонддоруна акча 2022-жылдан баштап которулат.

Copyright © 2017 Maral FM