Биз менен байланышыңыз

“Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасынын кадамдык планы каралды

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 1136 | 0

Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасын ишке ашыруу боюнча 2019-жылга карата кадамдык план каралды. Бул тууралуу Өкмөттүк апараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Пландын алкагында белгиленген артыкчылыктар өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн инфляция деңгээли 2019-2023-жылдар аралыгында бир орундуу көрсөткүчтөн ашпайт, ал эми ИДП өсүүсү 3,2%-4% деңгээлинде болот. Бюджет саясаты бюджеттин дефицитин 2023-жылга карата 3%дан ашырбоого багытталган. Ошондой эле жакырчылыктын деңгээли кыскарат жана 2023-жылга карата 20%дан ашпайт», — деп билдирди экономика министри Олег Панкратов.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөтүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасы Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен иштелип чыкканын белгиледи.

Аталган программа 2019-2023-жылдарга карата 118 милдетти жана 202 индикаторду камтыйт. Мындан тышкары, 103 инвестициялык долбоор түзүлгөн.

Талкуунун жыйынтыгында  премьер- министр 2019-жылдын 31-декабрына чейин 2020-жылга карата Планды бекитүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM