Биз менен байланышыңыз

Bloomberg дүйнөдөгү экономикасы «эң бактысыз» жана «эң бактылуу» өлкөлөрдү атады

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 787 | 0

Bloomberg агенттиги 18-апрелде  дүйнөдөгү  экономикасы «эң бактысыз» жана «эң бактылуу» өлкөлөрдү жарыялады. «Эң бактысыз» өлкөлөрдүн сап башына Венесуэла бешинчи жолу кирди.

Венесуэланын бийлиги 2016-жылдан бери экономикалык маалыматтарды жарыялабай келет. Бирок Bloomberg агенттигинин изилдөөчүлөрү 2019-жылы  инфляция 8 млн. %га жеткендигин, ал эми 2018-жылы инфляция 930 миң %га бааланганын айтышууда.

Биринчи үчтүккө ошондой эле, Аргентина жана Түштүк Африка да кирген. Төртүнчү орунда Түркия, андан кийин Греция жана Украина өлкөлөрү турат. Bloomberg белгилегендей, аталган өлкөлөр оор экономикалык таасирлерди жашап жатышат.

Ондуктун ичинде Испания, Уругвай, Бразилия, Сербия жана Сауд Аравиясы бар.

Рейтингди түзүп жатып изилдөөчүлөр баалардын өсүү көрсөткүчтөрүнө  жана экономикалык таасирлерге көнүл бурган.

Bloomberg ошондой эле, дүйнөдөгү  экономикасы «эң бактылуу» өлкөлөрдүн рейтингин түзгөн. Алардын сап башында  Таиланд турат. Экинчи орунга Швейцария, үчүнчү орунга Сингапур жана Япония жайгашкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM